Пневмониядан өлгөн адамдын өпкөсү кандай болуп калат. Сотмедэксперттин маеги

Азыркы эпидемиологиялык кырдаалда медицинанын бардык тармагында иш кайнап жатканы белгилүү. Ошондой эле патологоанатом менен сотмедэксперттердин дагы жумушу көбөйдү.
Sputnik

Айрымдар интернетте пневмония жана коронавирус менен ооруп көз жумгандарын сөөгү өлүкканадан тынбай чыгып жатканын айтышууда. Ошондой эле бул оорудан каза болгондордун организминде кандай өзгөрүүлөр болоруна кызыккандар бар.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги ушул жана башка суроолордун алкагында Бишкектеги Республикалык соттук-медициналык экспертиза бюросунда көп жылдан бери эмгектенген сотмедэксперт Максат Будайчиев менен маек курду.

— Бюродо жумуш көбөйгөнү айтылууда, эпидемиялык абалга чейин болжолдуу түрдө канча сөөктү изилдечү элеңиздер жана  азыр канчага өстү?

— Бизде июнь айынан баштап телефон чалуулар көбөйдү. Чалуулар дегенимдин себеби Республикалык соттук-медициналык экспертиза бюросу үйдөн, көчөдөн жана башка криминалдык окуялардан каза болгондор менен жабыр тарткандарды карайт. Кайрылуулар болгондо ыкчам-тергөө тобу менен биргеликте биздин сотмедэксперттер дагы жөнөп кетет. Ал эми бизге кошуна жайгашкан (Бишкектеги Донецк көчөсү) Республикалык патологиялык-анатомиялык бюро ооруканадан көз жумгандардын сөөгүн изилдейт.

Сатыбалдиева: коронавирус кан аркылуу жукпайт

Бизде жумуш өткөн жумада көп болду. Башка күндөрү 10-15 жолу чакыруу болсо, узаган аптада 40-45ке чейин барды. Андан кийин 30-26, азыр 20-25тин тегереги. Сотмедэксперттер бардыгын эле бюрого алып келе беришпейт. Эгер маркумдун денесинде кылмыштын белгиси болбосо, шаарда каттоосу болсо, жашы жетсе, каза болгондугу тууралуу справканы биздин уруксат менен жашаган жериндеги бейтапканадан алып алышат. Каттоосу жоктордун жана өлүмү күмөн жараткандардын сөөгү тергөөчүнүн токтому менен өлүкканага жиберилет.

Пневмониядан өлгөн адамдын өпкөсү кандай болуп калат. Сотмедэксперттин маеги

— Ошол чалгандардын канчасында пневмония жана коронавирус аныкталып жатат?

— Болжолдуу диагноз боюнча 80-90 пайызында ооруканадан сырткаркы эки тараптуу пневмония болуп жатат. Бардыгынын эле ПЦР-анализдери жок. Маселен, Республикалык патологиялык-анатомиялык бюрого ооруканалардагы бейтаптар алып келингендиктен, аларда тесттин жыйынтыгы бар. Ал жактын патологоанатомдору маркумда дагы эмне дарттар бар экендигин изилдешет.

Ал эми сотмедэксперттер азыр вирусту дагы аныктап, башка ооруларын дагы изилдеп жатат. Коронавирусту аныктоо үчүн ткандардан үлгү алып санитардык-эпидемиологиялык станцияга жөнөткөнбүз. Азырынча бирөөнүн дагы жыйынтыгы чыгып келе элек. Себеби биз лабораторияга бардыгын топтоп тапшырганбыз.

— Учурда каза болуп калган үй-жайсыз адамдардын ичинде пневмония аныкталгандар барбы?

— Эпидемиологиялык кырдаалдан бери беш селсаякты өлүкканага алып келишсе, анын бирөөндө гана пневмония аныкталган.

— Бюродо пневмония диагнозу марттан бери канча кишиге коюлду?

— 118.

— Бул мурдагы жылга салыштырмалуу көппү?

— Албетте, бир нече эсеге.

— Пневмониядан каза болгон адамдын өпкөсүндө эмне өзгөрүүлөр болот?

— Өпкөнүн абалы дагы, салмагы дагы оор болуп калат. Кадимкидей оор болот. Өпкө көөп, шишип, көбүк сымал суюктук чыгып калат. Денени ачканда эле пневмония экени билинет. Анан болжолдуу түрдө дем алуунун жетишсиздиги, өпкөнүн сезгениши деген диагноз коебуз.

Пневмониядан өлгөн адамдын өпкөсү кандай болуп калат. Сотмедэксперттин маеги

— Бөтөнчө башында маркумдар коронавирустан эмес, өзүнүн башка ооруларынан көз жумду дегендер болгон. Мындай учурда кандай бүтүм чыгарасыздар?

— Ооба, кээде денени ачканда өпкөсүнөн дагы башка органдары катуу жабыркаганын көрөсүң. Соттук-медициналык экспертизада өлүмдүн көптөгөн жыйынтыктары чыгарылат: негизги илдети, оорлошуп кеткен дарттар, коштогон оорулар, фондук, эрегишкен кеселдер жана башка деп кетет.

Ноокаттык медиктер кан куюп COVID-19дан айыктырышууда. Дарыгер Марипов менен маек

Түшүнүктүү болушу үчүн бир мисал келтирейин. Кечээ жакында тогуз кишини кабыл алдым. Анын алтоосунда тикелей, түздөн-түз оорусу кан диабети, рак, инсульт болсо, өлүмдү шарттаган ооруларга пневмония коюлду. Калган үчөөнүн өлүмүнүн себебине өпкөнүн сезгениши деп жаздык.

— Пневмония жана коронавирус менен каза болгондорду көмүү эрежесинен качуу үчүн эксперттерден жасалма справка алгандар бар деген кеп айтылууда. Канчалык чындыгы бар?

— Сунуштагандар болгон жок жана ал аткарылышы да мүмкүн эмес. Себеби биз түздөн-түз укук коргоо органдары менен иштешип, тиешелүү токтомдорду аткарабыз.

— Коронавирус жана пневмониядан каза болгондорду изилдөөдө атайын түзүлгөн протокол менен иштейсиздерби?

— КРде соттук-медициналык экспертизаны өткөрүү эрежелери деген токтом бар. Ошонун негизинде гана иш алып барып жатабыз. Биз буга чейин деле пневмониядан каза болгондор менен иштеп келгенбиз да. Анан, албетте, Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамалары бар. Ал жакта көбүнчө санитардык-гигиеналык эрежелер жазылган.

Пневмониядан өлгөн адамдын өпкөсү кандай болуп калат. Сотмедэксперттин маеги

— Азыр оору менен күрөшөм деп аны өзүнө илештирип алган медиктер дагы арбыды. Сиздердин бюродо дагы илдет жуктургандар барбы?

— Ооба, тилекке каршы, вирус бизди айланып өткөн жок. Учурда маркумдардын денесин изилдөөгө түздөн-түз катышкан төрт сотмедэкспертте оору аныкталган. Экөө жумушка чыкса, экөө үйдөн дарыланып жатат.

— Медицина кызматкерлерине коргоочу каражаттар берилгенде азыраак жуктурушат эле деп айткандар бар?

— Биз маска, кол кап, коргоочу каражаттар жагынан өксүгөн жокпуз. Мамлекет берип жатат, ыктыярчылар дагы кол кабыш кылышууда. Негизи эле ар бир адамдын коронавирусту кайдан жуктурганын эпидемиологиялык изилдөө гана туура көрсөтө алат. Бул өз кезегинде чоң иш.

Кычырап кийинген кыз келди, оозунун ичи адам карагыс. Тиш доктурдун маеги

Сөөктү изилдээрде бет кап, мээлейлерди кабаттап кийип, антисептик колдонуп, комбинезон кийип, бардык эрежелерди сактап жасайбыз. Андан тышкары, каза болгон адамдын сөөгүн атайын аралашма менен жууп, кепиндеп, полиэтилен же целлофанга скотч менен ороп туугандарына беребиз.

— Балким бюронун өкүлү катары маркумдун жакындарына кайрылууңуз бардыр.

— Азыркы убакта бардык жерде топтошуп туруу кооптуу экенин билесиздер. Өлүкканадан дагы дистанцияны сактаңыздар, көп келип албаңыздар, ичине бирден кириңиздер, маска, антисептик жана башка коргоочу каражаттарды колдонуздар.