Жарымы Бишкекте. Бир күндө пневмониядан 41 бейтап каза болду

Кечээтен бери өпкөнү сезгенткен оорудан Бишкекте 21 адам, калган 20сы өлкөнүн башка аймактарында каза болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө 41 адам пневмония оорусунан айыга албай кайтыш болду. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте 21 адам, калган 20сы өлкөнүн башка аймактарында катталган. Ал эми март айынан бери пневмония жалпы 612 кыргызстандыктын өмүрүн алды.

Пневмониядан былтыр алты айда быйылкыга караганда көп адам өлгөн. Статистика

Ошол эле учурда соңку бир сутканын ичинде 370 бейтап айыгып чыккан. Ушуну менен пневмониядан сакайгандардын жалпы саны 3 797 адамды түздү. 

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.