БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Быйыл Кыргызстанда 53 мектеп бүтүрүүчүсү алтын сертификатка ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, алардын ичинен эң жогорку баллды (229) Алай районунун Кабылан-Көл айылындагы орто мектептин окуучусу Нурбек кызы Акмарал алды.
Sputnik Кыргызстан агенттиги окууда ийгилик жаратып, мыкты көрсөткүчкө жеткен жаштар кайсы аймактагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү экендигине кызыгып көрдү.
Өлкө боюнча ЖРТда жогорку көрсөткүчкө жеткендердин тогузу орто мектепти аяктаса, калгандарынын бардыгы лицей жана гимназияларды бүтүргөн. Алтын сертификатка татыгандардын көпчүлүгү борбор калаадагы жалпы билим берүүчү мекемелерде тарбиялангандар.
Андан сырткары, Чүй, Баткен облустарынан алтыдан, Ош, Талас облусунда экиден, Ысык-Көлдөн төрт жана Ош шаарынан үч окуучу алдыга озуп чыккан.
Ал эми Нарын менен Жалал-Абад облусунан бирден гана окуучу аталган тизмеге кирген.
Абитуриент ЖОЖго кантип онлайн тапшырат? 7 суроого жооп
Быйыл 105 миң 689 өспүрүм 9-классты, 60 миң 533 окуучу 11-классты бүтүрдү. Анын ичинен 2020-жылы уюштурулган Жалпы республикалык тестирлөөдө 43 миң 245 кыз-улан ат салышкан.
Эске сала кетсек, былтыр президент Сооронбай Жээнбеков "Ала-Арча" резиденциясында 59 бүтүрүүчүгө алтын сертификат тапшырган.