БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде өлкө боюнча 105 медицина кызматкеринин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул туурасында Республикалык штаб кабарлады.
"Бишкекте - 25, Чүй облусунда - 13, Ош шаарында - 19, Ош облусунда - 14, Жалал-Абад облусунда - 5, Баткен облусунда - 21 жана Ысык-Көл облусунда 8 медик оору жуктурду", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми бир суткада алты ак халатчан ооруканадан айыгып чыккан.
Коронавирустан бир күндө 11 кыргызстандык кайтыш болду. Бирөө медик
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 1 980 учур катталды. Алардын ичинен 576 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.