БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту менен "Альфа-Телеком" (MegaCom соода маркасы) ишканасы Бишкекте эки стационар ачышат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Жылдызбек Исакулов брифингде билдирди.
Ал жаңы ачылып жаткан стационарлар бир аптада ишке кирет деп убада берди.
Түнкү стационарлар түндө 300дөй кишинин жанына аралжы болду
"Аэропорттун аймагындагы спорттук зал 50 орундуу стационарга ылайыкташтырылып, медициналык зарыл каражаттар менен жабдылат. Мамлекеттик уюлдук оператор (Магаком) бир апта ичинде 60 кишилик стационар ачат", — деди Исакулов.
Мындан сырткары, Жалал-Абаддын Кочкор-Ата шаарындагы "Кыргызнефтегаз" ишканасы өзүнүн базасындагы профилакторияда жана спорт залга 100 орундуу стационар уюштурулганын, ал жерге дарыгерлер тартылып, зарыл болгон жабдуулар жана дары-дармектер камсыздалганын кошумчалады.
Исакулов дарыгерлерге, жарандарга, жардам көрсөткөнү үчүн аталган ишканаларга жана башка мамлекеттик мекемелерге ыраазычылык билдирди.