Экс-министр Эрлан Абдылдаев элчи болуп дайындалды

Эрлан Абдылдаев Тышкы иштер министрлигинен 2018-жылдын 12-октябрында кеткен. Ал аталган министрликти 2012-жылдан бери жетектеп келген.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Германиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Аталган жарлыкка өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Буга чейин Эринес Оторбаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп иштечү.

Кыргызстандын күлү бир жерге додо болбогон министрлери. 5 жылдын графиги

Оторбаев элчилик кызматты 2015-жылдын июнунан бери аркалап келген.

Ал эми Эрлан Абдылдаев Тышкы иштер министрлигинен 2018-жылдын 12-октябрында кеткен. Ал аталган министрликти 2012-жылдан бери жетектеп келген. Бирок ошол кездеги Түштүк Кореядагы элчи Кылычбек Султандын ТИМдеги кемчиликтер боюнча билдирүүсүнөн кийин өз каалоосу менен ордун бошотуп берген.