БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кыргызстанда пандемия учурунда коронавирус инфекциясынан беш медицина кызматкери каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде маалымдады.
"Жалпысынан медиктер каза болгон беш учур катталды. COVID-19 жана пневмониянын түрү менен жабыркагандардын саны өсүүдө. Медицина кызматкерлери түнү-күнү иштеп жатышат. Кошумча оорулар болгон учурда абал татаалдашат, тыныгуусуз, сутка бою иштөө иммунитетти түшүрөт", — деди Акматова.
Кыргызстанда коронавирустан 15 бейтап көз жумду
Кечээтен бери 125 медиктин вирус жуктуруп алганы аныкталды.
- Бишкек шаары — 63;
- Ош шаары — 16;
- Баткен облусу — 13;
- Ош облусу — 10;
- Чүй облусу — 7;
- Ысык-Көл облусу — 7;
- Жалал-Абад облусу — 5;
- Талас облусу — 2;
- Нарын облусу — 2.
Ал эми сегиз медицина кызматкери стационардан сакайып чыкты.
Пандемия башталгандан бери 1 781 медкызматкер COVID-19га чалдыккан. Анын ичинен 560 ак халатчан айыгып чыккан.