Кайсы тамак-аш мээ клеткаларынын иштөөсүн бузат. Адистин пикири

Врач-диетолог курамында трансмайлар бар азык-түлүктөрдөн, туздалган тамак-аштан, консервант, ароматизатор, боектордон да баш тартыш керектигин айтат.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Дайыма маргарин, майонез жана арзан кондитердик азыктарды пайдалануу адамдын мээсин бузат. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Врач-диетолог Елена Соломатинанын айтымында, курамында трансмайлар бар азык-түлүктөр мээнин клеткаларына терс таасир берет.

"Маргарин, майонез жана арзан кондитердик азыктардан баш тартууну сунуштайм. Себеби алардын курамында трансмайлар бар. Ал зат клетканын мембранасын катуу кылып салат. Ошонун кесепетинен клеткалар толук кандуу иштей албай, бул процесстер өзгөчө мээнин клеткаларында болгондо өтө кооптуу", — деди ал.

Уйкусу канбаган адамдар кандай дартка чалдыгары айтылды

Соломатина ошондой эле туздалган тамак-ашты аз колдонуу керек экендигин айтат. Анткени ал организмдеги кан жүгүрүүнү кыйындатып, шишиктерди пайда кылат.

Дарыгер консерванттар, ароматизатор, боектордон да баш тартуу керектигин эскертет. Токсиндери арбын болгон ал азык-түлүктөр баш мээнин клеткаларына зыян экендигин кошумчалады.