Радио

Жусупбекова: ЖРТ тапшырбай калгандарга дагы бир мүмкүнчүлүк берилет

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова ЖРТнын босого баллынан ашкандар 60 пайызга чейин көбөйүп калганын айтты.
Sputnik
Жусупбекова: ЖРТ тапшырбай калгандарга дагы бир мүмкүнчүлүк берилет

13-19-июль аралыгында жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыгат. Ал эми 20-июлдан тарта ЖОЖго онлайн кабыл алуу башталат. Бул тууралуу Надира Жусупбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ЖРТ тапшырууга кечигип же кандайдыр бир себептер менен тапшырбай калгандарга дагы мүмкүнчүлүк берилет.

Абитуриент ЖОЖго кантип онлайн тапшырат? 7 суроого жооп

"Статистика боюнча жылына 40 миңден ашуун абитуриент жалпы республикалык тестирлөөдөн өтөт. Алардын ичинен 110 баллдан көп алгандар окууга тапшыра алышат. Бирок ЖРТнын сертификаты милдеттүү эмес болгон ЖОЖдор бар. Алар искусство жана дене тарбия тармагы. Ошондой эле колледж, орто кесиптик окуу жайларга дагы кереги жок. Учурда ЖРТнын эки туру тең жыйынтыкталды. Анткен менен ага кайсы бир себептер менен катыша албай калгандар 13-июлда жалпы, 14-июлда предметтик тест тапшырууга мүмкүнчүлүк алат. Булардын саны аз эле болгондуктан Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлөт. 13-19-июль аралыгында ЖРТнын жыйынтыктары белгилүү болуп, ошондон кийин босого баллдан өткөн абитуриенттер ЖОЖго тапшырууга мүмкүнчүлүк алат. Быйыл кабыл алуу онлайн жүргүзүлөт. Ал үчүн атайын платформа иштелип чыкты. Учурда бүтүрүүчүлөрдүн баары аралыктан тапшырууга мүмкүнчүлүк алуусу үчүн даярдыктар көрүлүп жатат", — деди Жусупбекова.

Ошондой эле ал колледждерге кабыл алуу 13-июлдан баштала турганын айтып, ал үчүн дагы өзүнчө платформа иштеп жатканын кошумчалады.