БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Муфтий Максатбек ажы Токтомушев оорудан каза болгон Чубак ажы Жалиловду эскерип, билдирүү жасады.
Эске салсак, аалым 11-июлга караган түнү Улуттук госпиталда үзүлгөн. Жакындары анын пневмонияга кабылып, абалы оорлошуп кеткенин айтышты.
Мончодон чыкса деле киши кирдейт. Чубак ажынын учкул сөздөрү
"Кыргыздын мыкты уулу ааламдан өттү. Бул дүйнөдөгү мусулман эли үчүн оор жоготуу. Суук кабарды угуп кабыргам кайышты. Чубак ажы Жалилов бала кезинен билимге болгон тырышчаактыгы менен деңиздей терең илимге ээ болгон. Ислам динин коомчулукка жеткирүүдө эбегейсиз салым кошту. Канчалаган мыкты адистерди даярдап, өзүнүн алган билими, тажрыйбасы менен бөлүштү. Маркум Чубак ажы өз өмүрүн элибиздин руханий жактан оңолуусуна арнады", — деп айтылат муфтийдин билдирүүсүндө.
Ал муфтияттын жана өзүнүн атынан Чубак ажы Жалиловдун жакындарына, үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, элди сабырдуулукка чакырды.