Чубак ажынын сөөгү кайда качан коюлары айтылды

Диний аалым бүгүн түнү ооруканада үзүлгөн. Жакындарынын айтымында, ал пневмония дартына чалдыгып, абалы оорлошуп кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik.Чубак ажынын сөөгү бүгүн кичи мекени болгон Базар-Коргон районунун Бай-Мундуз айылында жерге берилет. Бул тууралуу муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.

Анын айтымында, ушу тапта аалымдын сөөгүн Бишкектен алып чыгып кетишти.

"Чубак ажынын тажыясы өз айылында өтөт. Жаназасы бүгүн саат 16.00 менен 17.00дүн ортосуна белгиленди", — деди Атабаев.

Эскерте кетсек, диний аалым бүгүн түндө Улуттук госпиталда үзүлгөн. Жакындары анын пневмонияга кабылып, абалы оорлошуп кеткенин айтышты.