Сыйлашчу маал эмес! Ноокатта COVID-19дан айыккан киши түлөө өткөргөнү айтылды

Облус жетекчиси тургундарга Бишкектеги кырдаалды эскертип, азыр "сиз-биз" деп сыйлаша турган маал эмес экенин белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаевге маалымат жыйын учурунда түз эфирден жергиликтүү тургун кайрылды. Ал Ноокат районундагы айылдардын биринде коронавирустан айыгып барган киши эл чакырып түлөө өткөргөнүн айтып, көзөмөл кылууну суранды.

Өз кезегинде Жылкыбаев Ош облусунда 1 миллион 350 миңге жакын, ал эми Ноокатта 300 миңге чукул калк жашай турганын айтып, баарын милиция да, айыл өкмөттөр да карап жетишпей жатканын билдирди. Мындан улам бири-бирин көзөмөлдөөгө чакырды.

Ошто айып салынганына карабай улам той өткөргөн кафенин ээсине иш козголду

"Кошуна, тууганыңар тойго же түлөөгө чакырса "барбайм" деп ачык айтыңыздар, аны уяткарыңыздар. Азыр "сиз-биз" деп сыйлаша турган маал эмес. Бишкекте эмне болуп жатканын көрүп жатасыздар. Кычкылтекке жетпей оорукананын алдында өлүп калгандар болууда. Күндүзгү стационарда каза болуп жатышат. Жапжаш балдар-кыздар дагы көз жумууда. Ошондуктан баарыңыздарды жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырам", — деди облус башчысы.

Соңунда ал той-аштарды жана башка эл чогулган иш-чараларды өткөргөндөрдү көрсө милициянын 102 номерине чалып кабар берүүнү суранды.

Ош облусуна кирип-чыгууга тыюу салынды. Карантиндик чектөөлөрдүн тизмеси

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.