БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Бишкек шаардык мэриянын маалымат кызматы күндүзгү стационарларга жабдуу, дары-дармек, медиктерге тамак-аш жана жеке коргонуу каражаттарын алып берем деген ишкерлер үчүн телефон номерлерди жарыялады.
"Азыркы тапта коомдук уюм, ишкер жана кырдаалга кайдыгер карабаган жарандардан керектүү жабдуулар, жеке коргонуучу каражаттары келип жатат. Мэрия жардам көрсөткөндөрдүн бардыгына ыраазычылык билдирет. Ушул сыяктуу дагы көмөк көрсөтөм дегендер болсо, акимдердин социалдык суроолор боюнча орун басарларына кайрылса болот. Алар күндүзгү стационарларга көзөмөл жүргүзүп жатышат", — деп айтылат маалыматта.
Бишкектеги күндүзгү стационарлар кечээ 8 000ден ашуун киши кабыл алды
Аким орун басарларынын номерлери:
- Биринчи май району, Аида Жолочуевна — 0990 999 444 ;
- Октябрь району, Айнура Жанышевна — 0559 038 585;
- Свердлов району, Асель Садыковна — 0999 855 558;
- Ленин району, Жамал Бекмурзаевна — 0555 184 328.
Мэрия учурда борбор калаада эртең мененки саат 8:00дөн кечки 20:00гө чейин күндүзгү тогуз стационар иштеп жатканын айтып, ар бир медициналык мекемеде дарыгер, эпидемиолог жана медайымдар нөөмөткө турарын кошумчалады.