БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын ичинен 70 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде маалымдады.
Анын айтымында, өлкө ичинде айыккандардын жалпы саны 3 053кө жетти.
Коронавирустан бир суткада айыккандар:
- Бишкек шаары — 25;
- Чүй облусу —15;
- Ош шаары — 7;
- Ош облусу — 3;
- Баткен облусу — 10;
- Жалал-Абад облусу — 4;
- Нарын облусу — 5;
- Ысык-Көл облусу — 1.
Кыргызстанда жалпы 8 847 кишиден коронавирус табылып, 116 адам көз жумду.
Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышыңыздар.