БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Бүгүн өлкө аймагында коронавирус жуктуруп алган 361 адам катталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
- Бишкек шаары – 150;
- Чүй облусу - 59;
- Ош шаары - 43;
- Ош облусу - 28;
- Жалал-Абад облусу - 25;
- Баткен облусу - 20;
- Ысык-Көл облусу - 17;
- Нарын облусу - 18;
- Талас облусу - 1.
Ушуну менен коронавирус илештирип алгандардын жалпы саны 8 847ге жетти. Азыр стационарда 610 бейтап дарыланууда, анын бирөө реанимацияда. Үй карантининде дарыланып жаткандар 5 068 болду. Бүгүн коронавирустан дагы төрт киши каза таап, жалпы саны 116га жетти.