Рентгендин жыйынтыгы менен дарыланса болобу? Министрликтин жообу

Айнура Акматованын айтымында, азыркы тапта министрлик рентген изилдөө жүргүзүү боюнча медиктерди окутууларды өтүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Рентгендин жыйынтыгы менен бейтаптарды дарылай берсе болот. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымдады.

Брифинг учурунда модератор "Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору жана күндүзгү стационарлар компьютердик томографиянын сүрөтү жок көрүшпөйт экен. Жеке менчик лабораторияларда компьютердик томографиянын акысы кымбаттады. Анын үстүнө ал жакта вирус жуктуруп алуу коркунучу бар. Айрым медиктер рентгендин жыйынтыгы жетиштүү экенин айтууда. Бул маселеге комментарий берип коесузбу?" деген суроону узаткан.

Бишкекте эртеңден тарта дагы төрт стационар ишке кирет. Дареги

"Көпчүлүк медиктер азыр компьютердик томографияга жиберишүүдө. Айрым жарандар ал жакка өздөрү барып текшерилип жатышат. Ошол себептен ал жакта узун кезек пайда болууда. Азыркы тапта министрлик рентген изилдөө жүргүзүү боюнча медиктерге окутууларды өтүп жатат. Тилекке каршы, бардык стационарларда компьютердик томография жүргүзүү мүмкүн эмес. Ошондуктан рентген изилдөөнүн жыйынтыгы менен бейтапты дарылай берсе болот", — деди Акматова.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 8 486га жетти. Анын ичинен 2 983ү айыгып, 112 адам көз жумду. Ал эми пневмония дартынан бир суткада 44 адам каза болуп, жалпы саны 268ге жетти.