Бүтүрүүчүлөр окуу жайларга онлайн тапшырмай болду

Бүтүрүүчүлөр үчүн атайын "Абитуриент Online" деп аталган автоматташтырылган маалыматтык система иштелип чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. 2020-2021-окуу жылында жогорку жана кесиптик окуу жайларга кабыл алуу толугу менен онлайн түрүндө жүргүзүлөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова брифинг учурунда маалымдады.

Анын айтымында, бүтүрүүчүлөр үчүн атайын "Абитуриент Online" аттуу автоматташтырылган маалыматтык система иштелип чыкты.

Россиянын ЖОЖдоруна тапшыруу да, окуу да өз маалында башталат. Жол-жобосу

"Урматтуу ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр, окууга тапшырабыз деп эч кимиңиздер ЖОЖ, кесиптик окуу жайларына барбагыла! Бардыгы онлайн түрүндө болот. Эгерде онлайн-окууга тапшырууда маселе жарала турган болсо же интернет жок болсо, билим алган мектептерге кайрылсаңыздар болот. Алар бардык суроолорго жооп берип, интернет менен камсыз кылат. Бирок мектепке топтошуп барууга тыюу салынат", — деди Жусупбекова.

Онлайн-системанын негизги максаты — пандемия учурунда жарандардын коопсуздугун сактоо жана бардык абитуриенттерге бирдей шарт түзүү.

Министрдин орун басары окуу жайларга тапшырууда маселе жаралып, суроолор пайда болсо 1919 кыска номерине чалууну өтүндү.