Кыргызстанга дагы 200 мобилдик кычкылтек концентратору алып келинди

Концентраторлор ыкчам тартипте коронавирустан жабыркаган жана өпкөсү кагынган жарандар дарыланып жаткан ооруканаларга таратып берилмекчи.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бүгүн Бишкек шаарына чартердик каттам аркылуу өкмөт сатып алган 200 даана мобилдик кычкылтек концентратору алып келинди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

"Алгач 5-июлда биринчи партия менен 500 даана кычкылтек концентратору алынган, ал эми калган 800 даана кычкылтек концентратору жакынкы арада өлкөгө жеткирилмекчи", — деп айтылат маалыматта.

Кычкылтек концентраторлору ыкчам тартипте коронавирустан жабыркаган жана өпкөсү кагынган жарандар дарыланып жаткан республиканын медициналык мекемелерине таркатылып берилери айтылды.

Кычкылтек концентратору деген эмне, кандай максатта пайдаланылат? Түшүндүрмө

Өткөн сутканын ичинде Кыргызстанда 345 адам COVID-19 жугузуп алганы аныкталды. Азыркы тапта стационарда 592 киши бар, анын 17си реанимацияда. 4 799 адам үй карантининде дарыланып жатат. Бүгүн дагы 13 киши каза таап, жалпы саны 112 болду.

Ушуну менен өлкө аймагында коронавирус илештирип алгандардын жалпы саны 8 486га жетти.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.