Кесиптик орто окуу жайларга онлайн тапшыруунун жол-жобосу айтылды

Документтерди электрондук форматта тапшыруу үчүн абитуриент spuz.edu.gov.kg. сайтына кириши шарт. Андан кийин тизмеден өзү каалаган орто кесиптик окуу жайды (колледжди) тандайт.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Кесиптик орто окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу 13-июлдан тарта башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, кесиптик орто окуу жайларына бүтүрүүчүлөрдү кабыл алуу үчүн "СПУЗ-онлайн" автоматташтырылган маалыматтык системасы иштелип чыккан.

"Окууга кабыл алуунун 1-туру (документтерди онлайн каттоо) 13-июлдан 31-июлга чейин уланат. 3-августта окууга өткөн бүтүрүүчүлөрдүн тизмеси илинет. Ал эми 2-тур 1-августтан 20-августка чейин жүргүзүлөт. Абитуриенттердин арасында сынак аттестат же күбөлүктүн орточо баллынын суммасы жана конкреттүү адистик үчүн профилдик предметтин баасын эске алуу менен өткөрүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Абитуриент ЖОЖго кантип онлайн тапшырат? 7 суроого жооп

Окууга онлайн тапшыруу эрежеси:

  • Документтерди электрондук форматта тапшыруу үчүн абитуриент spuz.edu.gov.kg. сайтына кириши шарт;
  • Тизмеден өзү каалаган орто кесиптик окуу жайды (колледжди) тандоосу керек;
  • Өзү каалаган адистикти тандап, "өтүнмө берүү" баскычын басуу зарыл;
  • Андан кийин өтүнмөнүн бардык керектүү талаачаларын толтуруп, керектүү документтерди (аттестат же күбөлүк жана сүрөт) тиркейт.

Министрлик орточо баллды көрүү үчүн абитуриент өзүнүн аттестатынын (күбөлүгүнүн) сериялык номерин билиши керектигин жана окууга өткөн-өтпөгөнүн колледждин сайтынан биле аларын кошумчалады.