"Унаа" ишканасынын аймактагы бөлүмдөрү карантинге жабылды

Бул чечим элдин көп чогулуусун жана коронавирустун жайылып кетүүсүн алдын алуу максатында кабыл алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик ишканасынын Нарын, Сүлүктү, Балыкчы, Кара-Көл, Кочкор жана Жумгал аймактык бөлүмдөрү 19-июлга чейин карантинге жабылды. Бул тууралуу Каттоо кызматы билдирди.

"Бул кадам жарандардын массалык чогулуусун жана коронавирустун жайылып кетүүсүн алдын алуу максатында кабыл алынган", — деп айтылат билдирүүдө.

Аймактарда Бишкектегидей көрүнүш кайталанбасын! Бороновдун тапшырмалары

Ал эми Бишкек шаардык бөлүмүнүн аймактар аралык секторунда ("Риом" унаа базары) жумушчу күндөр кыскартылып, ишемби, жекшемби жана дүйшөмбү күндөрү иштей турган болду.

Бишкек шаары жана Чүй облусундагы эпидемиологиялык абалдын кескин оорлошконуна байланыштуу 6-июлдан тарта мекеменин Бишкек шаардык, Аламүдүн жана Ысык-Ата бөлүмдөрү 19-июлга чейин карантинге жабылган болчу.

Мамлекеттик катто кызматы жарандарды зарылчылык болбосо эл көп чогулган жерге баруудан карманууга чакырат.