Орун бар! Пневмонияга кабылгандарды кайсы оорукана кабыл алары айтылды

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлүнүн билдиришинче, учурда үч ооруканада пневмония менен ооругандар үчүн бош орун бар.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова Бишкекте пневмония оорусуна кабылган бейтаптарды кабыл алууга кайсы ооруканаларда орун бар экенин айтты.

Анын айтымында, учурда Улуттук госпиталда 176 орун бар. Мындан сырткары, №1 Шаардык клиникалык ооруканасы жана “Гансиде” ачылган оорукана да кабыл алууда.

"Ганси" базасында реанимациялык блок ачылды

“Жарандар ооруканага жатуу үчүн 118 кызматы жана Тез жардам аркылуу келе алышат. Эң башкысы, урматтуу мекендештер, ооба, азыр аябай оор мезгил, бирок үйдө өз алдынча дарыланбасаңыздар. Алгачкы белгилери байкалып, демиңиз кысылып жатса Үй-бүлөлүк медицина борборуна кайрылыңыз. Алар сиздерди аралыктан көзөмөлдөп, абалыңыз оорлошсо ооруканага жаткырат”, — деди Акматова.

Белгилей кетсек, коронавирустун кесепетинен келип чыккан пневмониядан акыркы суткада 29 киши каза болду. Алардын ичинен 19у Бишкекте, калган 10 киши өлкөнүн башка аймактарында катталган.

Март айынан бери өпкөнү сезгенткен бул оорудан ажал тапкан адамдардын саны 224кө жетти.