Тоо-ташта, талаа-түздө иштеген оператор. Марлес Туратбеков 87 жашка толмок

Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттиги анын сүрөттө калган ирмемдерин окурмандарга сунуштайт.

Марлес Туратбеков 1933-жылы 7-июлда Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Элеттеги мектепти аяктагандан кийин борбор калаада эки жылдай фотографты ээрчип жүрүп камера менен тартууну үйрөнгөн. Жыйырма жашында Москвадагы Мамлекеттик кинематография институтуна тапшырып, анын операторлук факультетин бүтүргөн.

Мекенине кайтып келген жаш талант эмгек жолун "Кыргыз фильм" студиясында баштаган. Оператор "Токтогул", "Жура", "Караш-караш окуясы", "Көчө", "Бурма" фильмдерин жаратууга катышкан.

Камераны көчөдөн тааныган. Тунгуч кинооператор Марлес Туратбеков тууралуу 6 факты

Кийинки жылдары СССРдин кинематографисттер союзунун мүчөсү даректүү тасма тартууга ыктап, Кыргызстанда болгон орчундуу тарыхый окуялар, атактуу инсандар жөнүндө 30дай даректүү эмгек жараткан.

Марлес Туратбеков жубайы менен бир уул, бир кызды өстүргөн. Баласы Эмил учурда ишкерлик менен алектенсе, кызы Эмиля Москвада журналист болуп иштейт. Атамекендик кинематографияга эмгеги сиңген инсан 1998-жылы 65 жашында кайтыш болгон.

1 / 12
Оператор Кыргыз ССРинин айыл чарба министри Досалы Туратбековдун уулу болгон
2 / 12
Болочоктогу киночу камерага тарткандын сырларын эки жылдай убакыт жумшап үйрөнгөн
3 / 12
Марлес Туратбеков эмгек жолун "Кыргыз фильм" студиясында баштаган
4 / 12
Жаш талант Москвадагы Мамлекеттик кинематография институтуна тапшырып, аны 1958-жылы операторлук адистиги боюнча бүтүргөн
5 / 12
Биринчи профессионал кыргыз оператору бир топ атамекендик тасмаларды жаратууга катышкан
6 / 12
СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов жана оператор Туратбеков
7 / 12
Оператор "Караш-караш окуясы", "Көчө", "Бурма" фильмдерин тарткан
8 / 12
Операторлор Төлөгөн Сыдыков менен Марлес Туратбеков, актёр Исмаил Абдубачаев жана режиссёр Геннадий Базаров
9 / 12
Оператордун залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен кызуу баарлашып жаткан маалы
10 / 12
Актёр Насыр Кытаев, оператор Марлес Туратбеков жана киночулардын тасма тартуу учуру
11 / 12
Режиссёр Геннадий Базаровдун айтылуу "Көчө" фильмине Туратбеков оператор болгон
12 / 12
СССРдин кинематографисттер союзунун мүчөсү 1998-жылы 65 жашында дүйнөдөн мезгилсиз кайткан