Бишкекте пневмония менен ооруган бейтаптар үчүн мектептерде 270 орун даярдалды

Министрликтин тапшырмасы менен жогорку, орто жана жалпы билим берүү уюмдарында обсервация үчүн 6 800 орун даярдалган. Бир катар медициналык университеттердин клиникалары да бейтаптарды кабыл алууда.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Борбор калаада №1 мектеп-интернаты жана көзү азиздер мектеп-интернатында пневмонияга кабылгандарды дарылоо үчүн 270 орун даярдалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, бир катар медициналык университеттердин клиникалары да COVID-19 диагнозу менен ооругандарды кабыл алууда.

"Жогорку, орто жана жалпы билим берүү уюмдарында обсервация үчүн 6 800 орун даярдалган. Анын ичинен 30 кесиптик лицейде 1 700 кишини кабыл ала турган жатаканалар обсервация үчүн берилди. Мында 1 365 адам жатып, үйүнө чыгарылды. Ушул тапта 218 бейтап дарыланууда. 11 университеттин жатаканасында уюштурулган 2 356 орундуу обсервация 3 200дөн ашык адамды кабыл алды. 42 мектепте 2 659 орун даярдалып, 313 адам обсервацияда жатып чыкты", — деп айтылат маалыматта.

Министрлик өлкөдөгү эпидемиологиялык оор кырдаалга байланыштуу болгон ресурстары менен жардам берүүгө даяр экенин кошумчалады.

Орун бар! Пневмонияга кабылгандарды кайсы оорукана кабыл алары айтылды

Белгилей кетсек, коронавирустун кесепетинен келип чыккан пневмониядан акыркы суткада 29 киши каза болду. Алардын ичинен 19у Бишкекте, калган 10 киши өлкөнүн башка аймактарында катталган.

Март айынан бери өпкөнү сезгенткен бул оорудан ажал тапкан адамдардын саны 224кө жетти.