БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо мекемелеринде иштеген медиктердин айлык маянасына кошумча төлөмдүн өлчөмү 25-30 пайызга көбөйтүлөт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда маалымдады.
Анын айтымында, өкмөт башчы "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койгон. Өкмөт эми бул мыйзамды ишке ашыруунун аракетин көрө баштады.
Аймактарда Бишкектегидей көрүнүш кайталанбасын! Бороновдун тапшырмалары
"Медицина кызматкерлерине жана медициналык мекемелерде иштеп жаткан башка адистерге төлөнүп келе жаткан айлык маяналарына кошумча төлөмдүн өлчөмү категорияга жараша 25-30 пайызга көбөйтүлөт. Мисалы, буга чейин инфекциялык бөлүмдөрдө, реанимацияда, вирусологиялык лабораторияда, обсервацияларда жана мобилдик топтордо иштеп жаткан дарыгерге бир күнгө 2300 сом төлөнсө, азыр 3000 сом төлөп берүү сунушталып жатат. Ошондой эле буга чейин дарыгерлер бир айда 14 күн изоляцияда болсо, эми аны жети күнгө кыскартуу сунушу киргизилди. Бирок изоляцияда болгон күндөрүнө мурунку эле бекитилген тартиптей күнүнө 900 сомдон төлөнөт. Ошондо жогорку категориядагы дарыгер 29 күн үчүн жалпы 72 миң сомго чейин кошумча акы ала баштайт", — деди Боронов.
Өкмөт башчы буга чейин жогорку категориядагы дарыгерлер 47 миң сомго чейин кошумча акы алып жатканын кошумчалады.