Екатеринбургдан кайткан мекендештер менен чогуу медиктер да келди. Сүрөт

Мекендештер кыргыз медиктеринен кычкылтек концентратор, пульсоксиметр, глюкометр жана жеке коргонуу каражаттарын берип жиберишкен.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Бүгүн эртең менен “Урал абал жолдору” авиакомпаниясынын учагы менен Екатеринбургдан Бишкекке 218 кыргызстандык алып келинди. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Екатеринбургдан кайткан мекендештер менен чогуу медиктер да келди. Сүрөт

Маалыматка ылайык, чартердик каттам менен учууга жарандардын тизмеси Башкы консулдукка түшкөн кайрылууларга карап түзүлгөн. Анын арасында кош бойлуу аялдар, жаш балдар, Россияда окуп жүргөн студенттер бар.

Ошондой эле коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн ыктыярчы кыргыз дарыгерлери менен медайымдары дагы келгени айтылат.

Россиядан келген кыргыз дарыгерлери кайсы ооруканада иштей турганы айтылды

Мындан сырткары, ушул учак менен Екатеринбургдагы активисттер жана Башкы консулдуктун кызматкерлери тарабынан жыйналган, жалпы суммасы 4 300 долларга кычкылтек концентратору, пульсоксиметр, глюкометр жана жеке коргонуу каражаттары келди.