Депутаттар ЖКнын экс-спикери Чыныбай Турсунбековдун каза болгонун айтууда

Чыныбай Турсунбеков 60 жашта. Буга чейин ал пневмония оорусуна чалдыгып ооруканада жатканы айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков каза болду  деген маалыматтарды бир катар ЖМКлар, ЖКнын бир нече депутаттары социалдык тармакка жазышты. Ал эми ЖКнын маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу  журналисттер жана башкаларды сабырдуулукка чакырып, маалыматтын тастыктала электигин айтты.

“Чыныбай Акунович... Бейиштен орун берсин. Жакындарына көңүл айтам. Дагы бир мыкты инсан арабыздан кетти..., — деп жазды депутат Кожобек Рыспаев.

Эльвира Сурабалдиева жана Дастан Бекешев да социалдык тармакта көңүл айтты.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымында, Турсунбеков Бишкектеги Улуттук госпиталдын тез жардам терапия бөлүмүндө көз жумган.

Чыныбай Турсунбеков 57 жашта! Белгилүү саясий ишмер тууралуу 9 факты

Турсунбеков буга чейин пневмония оорусуна чалдыгып, абалы оор экенин айрым ЖМКлар жазышкан.

"Депутат жакынкы күндөрү өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратынан чыгып, үйүнөн дарыланууга уруксат берилиши күтүлүүдө. Жалпы абалы жакшы жана стабилдүү. Алдын ала диагнозу пневмония. Коронавируска карата ПЦР-тести таза чыккан", — деп жазган эле Нуракун уулу.

Чыныбай Турсунбеков 60 жашта эле, Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын төрагасы болуп иштеген.