Белгилүү журналист Бүбүкан Досалиева дүйнө салды

Кыргыз журналистикасында опол тоодой эмгектерди жасап келген Бүбүкан Досалиева быйыл 62 жашка чыкмак. 
Sputnik

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Белгилүү журналист Бүбүкан Досалиева дүйнө салды. Кабарды маркумдун кесиптештери жана жакындары тастыктады.

Досалиева 5-июлда капысынан келген илдеттен улам 62ге караган жашында көз жумган. 

Белгилүү журналист Бүбүкан Досалиева дүйнө салды

Бүбүкан Досалиеваны кыргыз коомчулугу белгилүү журналист жана илимпоз, саясат таануучу, педагог катары билчү. Ал саясат таануу илимдеринин кандидаты. КТРК, “Сары-Өзөн Чүй” телеканалдарында бир топ жыл иштеген.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде жана Бишкек гуманитардык университетинин журналистика кафедраларында иштеп, жаңы муундагы журналисттерди тарбиялаган.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жалгап Казакбаев дүйнө салды

1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин “Азаттык” үналгысынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, сыналгы берүүлөрүнүн башкы редактору, сыналгы өндүрүш продюсери жана соңку учурда журналисти болуп иштеп жаткан.

Досалиевага 2005-жылы "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардак наамы ыйгарылган. Эл аралык Айтматовдук коомдук академиянын журналистика боюнча академиги.

Маркумдун артында төрт кызы калды.