БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Австралиялык стоматологдор тилдин өңүнүн өзгөрүшүн карап ооруну аныктоого болорун айтышканын Daily Mail жазды.
Дарыгерлер көбүнчө тамеки чеккендер менен арак ичкендердин тилин ак каптап каларын айткан. Бул нерсе гигиенанын сакталбагандыгынан да болушу мүмкүн. Мындан өз алдынча деле арылууга болот.
Эгер агарган тил эки жумада калыбына келбесе, доктурга кайрылуу зарылдыгы айтылды. Мындай учурда ооз көңдөйүнүн былжыр чели лейкоплакия же грибок менен жабыркап калышы мүмкүн.
Кычырап кийинген кыз келди, оозунун ичи адам карагыс. Тиш доктурдун маеги
Дарыгерлер бейтаптын тилинин кызарып калышына аллергия же организмде фолий кычкылынын жетишсиздиги себеп экенин айтышат. Мунун аркасында тамак сезгенип калышы мүмкүн, бул учурда ЛОРго кайрылуу абзел. Анткени бул фарингит же скарлатина оорусун шарттайт.
Ал эми тилдеги бүдүрчөлөр кээде ачуу тамактан же учуктан улам келип чыгышы мүмкүн.
Мындан тышкары, адистер эгер тил шишип, даам сезбей калса, сөзсүз дарыгерлерге кайрылуу керектигин айтышты.