Роспотребнадзордун жетекчиси кыргыз медиктеринин кесипкөйлүгүнө баа берди

Эки күндө 100гө жакын кыргыз адистери инфекцияга мониторинг жүргүзүү, дарылоо процесстерин уюштуруу жана лабораториялык иштер боюнча россиялык дарыгерлерден кеңеш алган.
Sputnik

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Премьер-министр Кубатбек Боронов Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) башчысынын орун басары Вячеслав Смоленский менен жолугуп, Россия тараптын көмөгүнө ыраазычылык билдирди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

"Россия тарапка көрсөтүлүп жаткан гуманитардык жана консультациялык жардам үчүн ыраазычылык билдирем. Биз коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө оңдуу натыйжалар байкалып жаткан Россия менен кызматташууга өзгөчө маани беребиз. Илдетке кабылгандардын саны азайып баратат. Биздин медицина кызматкерлерибиз бул ооруну токтотууга бардык күч-аракеттерин жумшап жатышат. Россиялык адистердин топтогон тажрыйбасы биз үчүн өтө пайдалуу болот", — деген Боронов.

Кырдаал оор экен. Россиялык эксперттер ооруканаларга барып, КРдеги абалга баа берди

Өз кезегинде Роспотребнадзор башчысынын орун басары Вячеслав Смоленский россиялык тарап жалпыга түшкөн кыйынчылыкта жардам көрсөтүүгө дайым даяр экенин айтты.

"Биз өз тажрыйбабыз менен бөлүшүп, бир катар маселелер боюнча кесиптештерибизге кеп-кеңеш берүү үчүн атайын келдик. Эки күндө 100гө жакын кыргыз адистери инфекцияга мониторинг жүргүзүү, дарылоо процесстерин уюштуруу жана лабораториялык иштер боюнча кеңеш алышты. Кырдаалды талдоо көрсөткөндөй, бош орундар фондун көбөйтүү жана бейтаптарды кычкылтек менен камсыздоону күчөтүү зарыл. Ошону менен бирге ооругандарды куткарып калуу үчүн бардык күч-аракетин жумшап жаткан медициналык персоналдын кесипкөйлүгүн жана өз жанын аябагандыгын белгилеп кетким келет. Зарыл шартта биз колдоо көрсөтүү багыттарын кеңейтүүгө даярбыз", — деген ал.

Россиядан келген дарыгерлер ишке киришип, тест-система беришти. Сүрөт

Өкмөт башчы россиялык адистердин жардамы өз учурунда көрсөтүлгөнүн белгилеп, биргелешкен күч-аракеттер менен Кыргызстандын коронавирус инфекциясын жеңерине ишенимин билдирген.

Маалыматта Роспотребнадзор адистеринин сапары Кыргызстан жана Россия президенттеринин ортосунда жетишилген макулдашуулардын натыйжасы экени айтылган.