БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда эки адам коронавирустан каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Алардын бири 65 жаштагы эркек киши Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында дарыланып жаткан. Экинчиси 74 жаштагы бейтап Ноокат аймактык ооруканасынан үзүлгөн.
Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жугузуп алып каза болгондордун саны 78 кишиге жетти.
ДССУ: дүйнөдө коронавируска каршы 141 вакцина иштелип чыгууда
Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.