БШК 21 млн сомго тендер жарыялады. Акча эмнеге жумшалат?

Мамлекеттик орган ал каражатка шайлоого тиешелүү баннер, жабдуу, кеңсе товарларын аймактык шайлоо комиссияларына жана участокторуна жеткирет.
Sputnik

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы 21 миллион сомдон ашык акчага тендер өткөрөт. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар боюнча порталына чыкты.

Ага ылайык, БШК 21 миллион 121 миң 200 сомго шайлоого тиешелүү баннер, жабдуу, кеңсе товарларын аймактык шайлоо комиссияларына жана участокторго жеткирүүнү көздөп жатат.

Жээнбеков парламенттик шайлоо өткөрүү жарлыгына кол коюп, күнүн белгиледи

3-июлда жарыяланган тендер 24-июлда соңуна чыгат. Жеңүүчү тарап өз автоунаасы менен 1-августтан 6-октябрга чейин 60 миң чакырым жол жүрүп, жүргүнчү жана жүк ташуу менен алектенет.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңешке шайлоону 2020-жылдын 4-октябрына белгилөө тууралуу президенттин Жарлыгы 3-июлда күчүнө кирди.