Банктарга жана финансы уюмдарына жасалчу инспектордук текшерүү токтотулду

Улуттук банктын кызматкерлери арасында коронавирустун жайылып кетишине жол бербөө максатында ушундай чечим кабыл алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Банктарды, акча алмаштыруу жайларын жана башка банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарга инспектордук текшерүү жүргүзүү токтотулду. Бул туурасында Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматта өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал чыңалып тургандыктан Улуттук банктын кызматкерлери арасында коронавирустун жайылып кетишине жол бербөө максатында ушундай чечим кабыл алынганы айтылат.

"Коммерциялык банктарды, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарын, кепилдик фонддорун, адистештирилген финансы-кредиттик уюмдарды, акча алмаштыруу жана кредиттик бюролорду инспектордук текшерүүгө алууну токтотуу чечими чыкты. Буга үчүнчү тараптын сурамы менен аткарылчу текшерүүлөр да кирет", — деп айтылат маалыматта.

Улуттук банк коронавирустан улам банктарга 1 млрд сом насыя берет

Мындан сырткары, акча алмаштыруу жайларын жободо көрсөтүлгөн талаптарды аткарышын текшерүү жана лицензия берүү маселесин кароо иши да токтотулган.

Өлкөдө кырдаал турукташкандан кийин текшерүүлөр кайрадан улантылат.