БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Коронавирустан 125 бейтап айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
"Бишкек шаарынан 44, Ош шаарынан 42, Чүй облусунан 7, Ош облусунан 15, Нарын облусунан 6, Жалал-Абал облусунан 7, Талас облусунан бир, Баткен облусунан бир бейтап айыкты", — деди ал.
Жалпы республика боюнча ооруканадан айыгып чыккандардын саны 2 655 адамга жетти.