БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Кыргызстанга келген гранттар менен кредиттерди бийлик ичип-жеп салган жок. Бул тууралуу брифинг учурунда өкмөт башчы Кубатбек Боронов билдирди.
Ал белгилегендей, кийинчерээк сырттан келген каражат тууралуу ийне-жибине чейин маалымат берилет.
"Социалдык тармактарда жана айрым сайттарда Кыргызстанга 400 миллион доллардан ашык каражат келгенин айтышууда. Акчаны өкмөт менен аткаминерлер ичип-жеп алыштыбы дегендер болууда. Бул туура эмес, эч ким ичип-жебейт. Коронавирус менен күрөшүүгө колдоо катары бюджетке 291 миллион доллар түшкөн. Булар кайда жумшалганын тиешелүү органдар маалымат берүүдө. Кийинчерээк дагы ийне-жибине чейин айтып беребиз", — деди Боронов.
Боронов партияларга: шайлоого коротчу акчаңарды COVID менен күрөшүүгө бергиле
Ал кошумчалагандай, быйыл республикалык бюджеттин тартыштыгы болжол менен 30 миллиард сомду түзүшү мүмкүн.