Бишкекке Бангладештен 103 кыргызстандык жана коңшу өлкөнүн жарандары келди

Aviatraffic авиакомпаниясынын учагы менен Бишкек — Дакка — Бишкек багыты боюнча чартердик каттам уюштурулган.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги Бангладештен 103 кыргызстандык Бишкекке алып келингенин билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-июлда, Кыргызстандын Aviatraffic авиакомпаниясынын учагы менен Бишкек — Дакка — Бишкек багыты боюнча чартердик каттам уюштурулган.

Ушул эле рейс менен коңшу өлкөлөрдүн кайрылуусун аткарып Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары дагы алып келинген. Аларга өз мекенине транзиттик коридор менен чыгып кетишери айтылат.

Азыркы тапта алып келинген мекендештер медициналык процедурадан өтүү үчүн обсервацияга жаткырылган.

Сауд Аравиясынан 121 кыргызстандык мекенине келди