Жээнбеков менен Боронов видео аркылуу азыркы абалды талкуулашты. Сүрөт

Премьер-министр пандемияга карабастан мамлекеттин бардык социалдык милдеттенмелери аткарылып, анын ичинде социалдык төлөмдөр жана айлык акылар өз маалында берилерине ишендирген.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Кубатбек Боронов менен өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды талкуулаганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Сүрөттөрдөн мамлекеттин биринчи адамдары видео аркылуу сүйлөшкөнүн көрүүгө болот.

Ага ылайык, Боронов Республикалык штаб, Саламаттык сактоо министрлиги, Бишкек мэриясы жана өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү тарабынан вирус менен күрөшүүдө көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берген.

Жээнбеков COVID жуктуруп көз жумган дарыгер Тазабекованын үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Анын айтымында, бүгүн кечке чейин Бишкекте бейтаптар үчүн 1150 орун даяр болот. Кадр жетишсиздиги чечилип жатат, ошондой эле 118 кызматы күчөтүлгөн тартипте иштөөдө.

Муну менен бирге премьер-министр пандемияга карабастан мамлекеттин бардык социалдык милдеттенмелери аткарылып, анын ичинде социалдык төлөмдөр жана айлык акылар өз маалында төлөнөрүн ишендирген.

Президент учурда эң биринчи милдет вирустун мындан ары жайылышына каршы күрөшүү жана бейтаптарды өз убагында кабыл алуу, аларды ооруканаларга жайгаштыруу экенин баса белгиледи.

"Коомчулук бардык маселелер боюнча толук жана так маалыматты Республикалык штабдан, адистерден алышы керек. Коомчулук менен кайтарым байланыш өтө маанилүү. Ошондо гана чыңалуу басаңдап, тынчсызданткан божомолдордун тарашын азайтууга болот", — деген өлкө башчы.

Кимдин ким экени ушундай учурда билинет. Жээнбеков аткаминерлерге кайрылды

Мындан тышкары, өлкө башчы күзгү-кышкы мезгилге жана мезгилдүү илдеттердин алдын алууга керектүү даярдыктарды көрүүгө чакырган.