Каратаев: соңку учурлар элди сестентип, жоопкерчиликти сездиртип жатат

Министрликтин өкүлүнүн айтымында, соңку жумаларда жарандар кенебестик менен жүргөн. Көбү бет капсыз басып, оорулуулар менен байланышта болушкан.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июл — Sputnik. Акыркы күндөрү эл коронавирустун кооптуу оору экенин туюп, жоопкерчиликти көбүрөөк сезе баштады. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

"Соңку жумаларда бизде кенебестик болгонун билебиз. Көпчүлүгү бет капсыз жүргөн, оорулуулар менен байланышкандар көп болгон. Акыркы байкоолор боюнча эл эми жоопкерчиликти сезип калды. Вирустун айынан бейтаптар арасында оор учурлар, өлүмдөр катталып жатпайбы. Ушулар кооптонууну пайда кылды деп ойлойм", — деди Каратаев.

Бирок ал абал дагы деле курч экендигин белгилеп, бир үй-бүлөнүн 4-5 мүчөсүнөн коронавирус чыгып жатканын белгиледи.

Бир сутканын ичинде коронавирус 5 адамдын өмүрүн алды

Кыргызстанда оору жуктургандардын жалпы саны 5 735ке жетип, анын 2 443ү айыкты. Тилекке каршы, 62 адам каза тапты.