БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Коронавируска каршы күрөшүүдө Россия менен Кытайдан жабдуу келет. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, медициналык мекемелерде учурда жасалма дем алдыруучу аппарат менен кычкылтек концентраторлору жетишсиз болууда.
"Буга чейин 473 жасалма дем алдыруучу аппарат болгон. Акыркы күндөрү эл аралык уюмдардан дагы 20 аппарат алдык. Ал эми кычкылтек концентраторлордун саны 610ду түзөт. Кошумча 109 даана алып койдук. Бирок муктаждык боюнча 220 жасалма дем алдыруучу аппарат керек болсо, 2003 концентратор зарыл болууда. Ал жабдуулардын Россия менен Кытайдан келүүсүн күтүп жатабыз. Андан сырткары, Түркия тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деди Каратаев.
Кыргызстан пандемия учурунда сырттан алган каражатты кандай сарптады
Ал ошондой эле эпидемиологиялык кырдаал оор болуп, жуктуруп алгандардын көпчүлүгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери болуп жаткандыгын кошумчалады.