БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Белгилүү мамлекеттик ишмер жана улуу инсан Исхак Раззаков жөнүндө 30 жыл изилденген китеп жарык көрдү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, китепти өлкөгө эмгек сиңирген мугалим, педагогика илимдеринин кандидаты жана тарыхчы Гапыр Мадаминов жазган.
"Мамлекеттик ишмердин 110 жылдыгына арналып жарык көргөн "Исхак Раззаковдун инсандык, жетекчилик өзгөчөлүктөрү" деген китепте анын өмүр таржымалы, инсандык асыл сапаттары, жетекчилик жөндөмү жана өлкөнүн түптөлүшүнө кошкон салымы жөнүндө кеңири жазылган. Автор китепти 30 жылдык изилдөөсүнүн натыйжасында жазып чыккан", — деп айтылат билдирүүдө.
Бул Мадаминовдун мамлекеттик ишмер тууралуу экинчи китеби. Раззаковдун 100 жылдыгында да атайын китеп чыгарган. Бирок азыркы эмгегинин өзгөчөлүгү — тарыхый жана архивдик далилдер болуп саналат.
Ак иштеген адам акыры жамандык көрбөйт! Исхак Раззаковдун учкул сөздөрү
Авторду Баткендин башчысы Алишер Абдрахманов кабыл алып, терең ыраазычылык билдирген. Ошондой эле Ардак грамота менен сыйлаган.