КРде Россиянын Баш мыйзамына түзөтүү киргизүү боюнча добуш берүү тилкелери жабылды

Россиялыктар үчүн шайлоо участоктору Бишкекте, Ошто, Кант жана Караколдо ачылган. Добуш берүү саат 20:00гө чейин болду.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Кыргызстанда Россиянын Баш мыйзамына түзөтүү киргизүүгө добуш берүү үчүн бүгүн ачылган шайлоо тилкелери ишин аяктады.

Борбор калаада россиялыктар аталган мамлекеттин КРдеги элчилигинин имаратында добуш берди. Бардык санитардык эрежелер сакталып, процесс 8:00дөн 20:00гө чейин уланды.

Шайлоо тилкелери Ошто, Кант жана Караколдо да ачылып, шайлоочуларды кабыл алды.

Россиянын Европа тарабында добуш берүү уланууда.

Баш мыйзамга киргизиле турган түзөтүүлөр боюнча конституция2020.рф сайтынан толугу менен тааныша аласыздар.

Бишкекте россиялыктар Конституциясын өзгөртүүгө добуш берүүдө. Сүрөт түрмөк

Баш мыйзамга киргизилген өзгөрүүлөрдө президентке, өкмөткө жана ар кыл деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлерге талаптар жаңыланган. Жарандарга мамлекеттик социалдык кепилдиктерди бекитүү, парламенттин ыйгарым укуктарын өзгөртүү жана федералдык аймакты ажыратып алууга тыюу салуу, орус тилинин макамын бекемдөө каралган. Андан сырткары, бир беренесинде Кудай эскертилип, россиялык мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшү үчүн мураскерлик туурасында да айтылат.

Путин Баш мыйзамга түзөтүү киргизүү боюнча добуш берди

Ошондой эле учурдагы иштеп турган мамлекет башчысына 2024-жылы кайрадан президенттик шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк берет.