Бишкекте россиялыктар РФ Конституциясына өзгөртүү киргизүү боюнча добуш беришүүдө

Кыргызстандагы Россия жарандары үчүн добуш берүү төрт шаарда өтүүдө. Процесс кечки саат 20:00дө аяктайт.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Бишкекте Россия жарандары үчүн Россия Федерациясынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча добуш берүү башталды.

Элчиликтин маалымат кызматынан Sputnik агенттигине билдиргендей, дипломатиялык өкүлчүлүктүн имаратында жүздөй жаран добуш берип чыккан. Бардык санитардык коопсуздук эрежелери сакталууда.

Россиянын Кыргызстандагы элчилиги шайлоого укугу бар бардык россиялык жарандарды төмөнкү даректер боюнча келип добуш берүүгө чакырат:

  • Бишкек шаары, Манас проспекти, 55;
  • Ош шаары, Камбаралы Бобулов көчөсү, 77;
  • Кант шаары, № 20022 аскер бөлүгү;
  • Каракол шаары, № 87366 аскер бөлүгү.

Шайлоо процесси саат 08:00дөн 20:00гө чейин жүргүзүлөт. Добуш берүүгө келгендердин жанында Россия Федерациясынын жарандыгын тастыктаган документи болушу зарыл.

Путин Баш мыйзамга түзөтүү киргизүү боюнча добуш берүүгө чакырды

Элчилик шайлоо участкасына келүүдө санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин милдеттүү түрдө сакталышына көңүл бөлөт.

Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сайтынан кененирээк маалымат алууга болот.