Улуттук госпиталдын алдынан эки бейтап каза болду. Буга чейин видеосу тараган

Азыркыга чейин интернетте медик унаада кишинин жүрөгүнө массаж жасап, бул маалда клиниканын оозунан дагы бир бейтап кулап түшкөн видео тарап жатат. Бул кадрдагы бейтаптар каза тапканы белгилүү болду.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июн — Sputnik. Кечээ, 29-июнда, Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнө келген эки бейтап оорукананын кире беришинде көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган медициналык жайдан билдиришти.

Буга чейин интернетте коргоочу кийим кийген медик унаада кишинин жүрөгүнө массаж жасап, бул маалда клиниканын оозунан дагы бир бейтап кулап түшкөнү сүрөттөлгөн видео тараган. Ушул эле оорукананын урология бөлүмүндө пневмония менен кайрылгандар үчүн койка даярдалганын белгилей кетели.

Дарыгерлердин айтымында, бейтаптар өтө оор абалда келген, алардын жада калса аты-жөнүн сурап, алгачкы текшерүүдөн өткөргөнгө дагы жетишишкен эмес. Окуя кечээ саат 15:00дөн кийин болгон.

Бишкекте коронавирустан көз жумган 27 жаштагы келин эгиз төрөгөн. Чоо-жайы

"Ак халатчандар көчөдө реанимациялык иш-аракеттерди жасаганга аракет кылганы менен майнап чыккан эмес. Алар каза болуп калышкан. Биздин билгенибиз боюнча алар эки башка унаа менен келишкен", — деп билдирди ооруканадан.

Андан кийин дарыгерлер милиция чакырып, Тез жардам унаасы каза болгондорду өлүкканага алып кеткен.