Концерт коюп барып, калып калган... Улуу Жеңишти жакындаткан кыргызстандыктар

1945-жылы 24-июнда Москва шаарындагы Кызыл аянтта өткөн Жеңиш парадына кыргызстандыктар да катышкан. Салтанаттуу жүрүштүн көркүн жалпы жонунан 24 маршал, 249 генерал, 2536 офицер, 31 116 сержант менен жоокер ачкан.
Sputnik

Бирок ушундан кийин да СССР үчүн экинчи дүйнөлүк согуш аяктаган эмес. 8-августта Японияга каршы согуш баштаган. Колумнист Алмаз Батилов кан майданда от кечкен кыргызстандыктар тууралуу баянын улантат.

Андрей Стрельников, алгачкы Жеңиш парадынын катышуучусу

Концерт коюп барып, калып калган... Улуу Жеңишти жакындаткан кыргызстандыктар

Жеңиш парадына 23 жаштагы Каракол шаарынын тургуну жоокер Анатолий Стрельников да катышкан. Ал каармандыгы үчүн Улуу Ата Мекендик согуштун 2-даражадагы  ордени менен сыйланган.

Гүлбара Егембердиева, Чыгыш Пруссияда жарадар болгон фельдшер

(Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Лев Шпотанын “Мы Победу приближали как могли” китебинен үзүндү).

Концерт коюп барып, калып калган... Улуу Жеңишти жакындаткан кыргызстандыктар

Гүлбара 1919-жылы Сокулук районундагы Кызыл-Туу айылында кедей-кембагалдын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал беш бир тууган эле. Атасы эрте каза болгондуктан энеси аларды жалгыз чоңойткон. 1933-жылы Фрунзе шаарындагы Кыргызмедтехникумуна тапшырып, 1938-жылы ийгиликтүү аяктаган. Андан кийин Гүлчө районундагы медициналык пунктунун жетекчилигине дайындалат. 1940-жылы Кыргыз мамлекеттик институтуна өтөт. Ошол учурда Айдаркан Ахметов экөө баш кошот. Егембердиева Улуу Ата Мекендик согуш башталганда аскердик комиссариатка өз ыктыяры менен барып кан майданга кетет. Күйөөсү Ахметов генерал Иван Панфиловдун дивизиясынын 30-аткычтар полкунда кызмат өтөгөндүктөн, ушул бөлүккө барууну суранат. Бирок командычылык аны Түштүк-Батыш фронтунун карамагындагы 4-автомотолоштурулган бригаданын 23-автополкунун 4-батальонуна жиберет. Егембердиева эки ирет жарадар болуп, 1945-жылы 13-январда Чыгыш Пруссиянын Гумбинен шаарынын жанында катуу жаракат алат. Үч айдан ашык аскердик госпиталда дарыланган. Ушул маалда өмүрлүк жары гвардиянын капитаны Ахметов да оор жарадар болот. Ал сегиз ай ооруканада жаткан. Апрелдин аягында Фрунзеге кайткан экөөнүн шинелден башка байлыгы жок эле. Ошентсе да Гүлбара менен Айдаркан эл-журтуна кайтканына сүйүнүшкөн.

1418 күнгө созулган Улуу Ата Мекендик согуш. Майданда кан төккөн кыргызстандыктар

Асипа Исмаилова. Концерт коем деп барып кан майданда калган артист

(Орозбек Сагынбаевдин тарых илимдери боюнча доктор даражасына коргогон “Посланцы Кыргызстана на фронтах Великой Отечественной войны 1941-1945 гг” авторефератынан алынды).

Концерт коюп барып, калып калган... Улуу Жеңишти жакындаткан кыргызстандыктар

Бул каарманыбыз 1923-жылы Ысык-Көл районунун мурдагы Таштак (азыркы Жаркымбаев) кыштагында төрөлгөн. Ал фронтко артисттердин тайпасынын курамында Панфилов дивизиясына концерт коюп келип, ошол бойдон өз ыктыяры менен ушул аскердик бөлүктө медайым болуп калат. Асипа далай ирет өмүрүн тобокелге салып, жоокерлерди согуш тааласынан алып чыккан. Исмаилова согушта көрсөткөн эрдиги үчүн Улуу Ата Мекендик согуштун 2-даражадагы ордени жана “Аскердик каармандыгы үчүн” медалы менен сыйланган.

Иван Бортников. Кыргызга окшош италиялык партизан

(Советтик жана италиялык журналисттер Николай Пронин, Джузеппе Фьюмара жана тарыхчы Сергей Гладких биргелешип жазган “Бойцы Сопротивления” китебинен үзүндү).

Концерт коюп барып, калып калган... Улуу Жеңишти жакындаткан кыргызстандыктар

Италиянын патриоттору Гитлер менен анын өнөктөшү залим диктатор Бенито Муссолиниге күрөшүү үчүн каршылык кыймылын түзүп, партизандык согуш жүргүзүшөт. Италиялык партизандарга фашисттик концлагерден качкан советтик туткундар да кошулушкан. Тарыхчылардын маалыматына таянсак, беш миң мекендешибиз бул өлкөдө гитлерчилер менен Муссолинин желдеттерине каршы жанын аябай согушкан. Алардын арасында Кант шаарынын тургуну Иван Бортников да бар эле. 1941-жылы август айында ал Чыгыш Украинада жайгашкан Белая Церковь шаарынын жанында сол бутунан жарадар болуп туткунга түшкөн. Адегенде аны фашисттер башка советтик туткундар менен Германиядагы концлагерге айдаган. Андан кийин аларды Түндүк Италиядагы концлагерге жөнөтүшкөн. Бортников дагы эки советтик туткун Иван Кузнецов жана Павел Орлов менен биргелешип фашисттердин түрмөсүнөн качып чыгып, Беллуно аймагындагы италиялык партизандарга кошулушат. Ивандын командири Карло Джузеппенин айтымында, Бортников бою эки метрге жакын балбан жигит эле. Ивандын өң-түспөлү кыргызга окшоп кетчү. Бортников итальян тилин бат өздөштүрөт. Гитлерчилер менен Муссоллинин желдеттерине каршы салгылаштарда өзгөчө эрдик көрсөткөн. Экинчи Дүйнөлүк согуш бүткөндөн кийин ал Кыргызстанга кайтып келет. Италиялык достору аны 20 жылдан ашык издеп, акыры “Советская Киргизия” гезити аркылуу табышат.

Балдакчан күйөөгө узап... Согуш отун кечкен пулемётчу, панфиловчу Рахимованын баяны

Григорий Пендюрин: немец авиациясынын бомбалаганы эсимден кетпейт

(Ысык-Көл облустук мамлекеттик архивинин материалы)

Концерт коюп барып, калып калган... Улуу Жеңишти жакындаткан кыргызстандыктар

— 1923-жылы 10-сентябрда Түп районундагы Михайловка айылында төрөлгөм. 1930-жылы ата-энем Каракол шаарына көчүп келген. 1942-жылы орто мектепти бүтүп, биздин калаага Украинанын Николаев шаарынан эвакуацияланган кеме куруучу институтуна тапшырдым. 1943-жылы 7-январда Советтик Армиянын катарына чакырылып, Өзбекстандагы Каган шаарындагы 30-темир жол бригадасынын курамындагы 18-өзүнчө темир жол полкунда аскердик кызматымды өтөй баштадым. Май айында мага сержант наамы ыйгарылып, фронтко резерв даярдоого калтырышты. Ошол эле жылы октябрда даярдыктан өткөн рота менен кан майданга аттандым. 9-ноябрда Днепр дарыясындагы Киев темир жолунун көпүрөсүн кайра калыбына келтирүүгө катыштым. Ошондо биринчи жолу немец авиациясынын бомбалаганы эсимден кетпейт. 1944-жылы командычылык Ярослав шаарында жайгашкан Ленинграддык Кызыл Туу аскер жолдорду салчу училищеге окууга жөнөтүштү. 1945-жылы окуумду аяктап, лейтенант наамы ыйгарылды...

Белгилей кетсек, согушта көрсөткөн эрдиги үчүн Пендюрин “Германияны жеңүүгө катышканы үчүн” жана “Аскердик каармандыгы үчүн” медалдары менен сыйланган.

Касым Ормокоев. Кыргыздын кыраан кушу

(Бишкек шаарынын Ленин районунун курамындагы Чоң-Арык айылынын тарых музейиндеги архив материалы)

Концерт коюп барып, калып калган... Улуу Жеңишти жакындаткан кыргызстандыктар

Касым кыргыздан биринчи болуп Москва шаарында учкучтар окуу жайын бүткөн. Ал Кыргызстандын авиациясын түптөгөндөрдүн бири. Ормокоев Фрунзе шаарындагы ОСОАВИАХИМ алдындагы аэроклубда авиация үчүн кадрларды даярдаган. 1941-жылы согуш башталганда Касым фронтко кетет. 1942-жылы 21-августта 287-авиадивизиянын курамындагы 2-истребитель авиациялык полкунун катарында кенже лейтенант Ормокоев Сталинградды коргоодо баатырларча курман болот. 1943-жылы 2-февралда Союздун Жогорку Кеңешинин президиуму Касымды Улуу Ата Мекендик согуштун 2-даражадагы ордени менен сыйлайт. Анын ысымы Волгоград калаасындагы Сталинградды коргогон жоокерлерге арналган Мамаев коргонунда коюлган эстеликке чегилген. Белгилей кетсек, ал даярдаган Фрунзе аэроклубунун жети учкучу Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Советтер Союзунун Баатыры деген наам алышкан.

Концлагерден качып барып француз кызы Еленага үйлөнгөн. Макизар Досой Кадыровдун баяны

Бакир Коңурбаев. Түбөлүк ант

1944-жылы Түштүк Францияны фашисттик баскынчылардан бошотууга катышкан советтик партизан-макизар Бакир Коңурбаевдин кызы Дамира атасына байланыштуу урпактарга өрнөк болчу окуяны айтып берди.

Концерт коюп барып, калып калган... Улуу Жеңишти жакындаткан кыргызстандыктар

— Атам согуш учурунда туткунга түшүп, фашисттер аны Германиядагы концлагерге жөнөтүшөт. Ал жерден кыргызстандык жоокер Абдыкалый Жумакеев менен таанышып, достошот. Анын үстүнө атам Сокулуктун Шалта айылынын кулуну болсо, Жумакеев коңшулаш Аламүдүн районунун Баш-Кара-Суу кыштагынан болчу. Андан кийин аларды Түштүк Франциядагы концлагерге айдайт. Эки дос бул жерден качып чыгып, жергиликтүү партизандарга кошулушат. Макизарлардын арасында мурда кошулган советтик туткундар менен таанышат. Булар менен биргеликте Түштүк Францияны Гитлердин запкысынан бошотууга катышат. 1945-жылы Кыргызстанга кайткандан кийин кыргызстандык макизарлардын басымдуу бөлүгү Ата Мекенге чыккынчылык кылгансыңар деген жалган жалаа менен соттолушат. Анын ичинде атам жана досу Абдыкалый да бар эле. Сүргүндө жүргөн учурда Жумакеев атама: "Эгерде экөөбүз ушул запкыдан аман-эсен кутулуп, Ата Мекенге кайтсак, карындашым Асылбүбүгө үйлөн. Экөөбүз өмүр бою достугубуз үзүлбөй тууган болуп калабыз" деп, экөө антташкан экен. Экөөнүн тең ичер суусу бар экен, сүргүндөн кайтышат. Атам досунун сөзүн эки кылбай карындашы Асылбүбү апама үйлөнөт. Ата-энем бактылуу жашашты. Алты балалуу болушту. Чынында эле атам менен таякем түбөлүк тууган болушту. Бала болсом да Францияда согушкан кыргызстандык жана казакстандык макизарлар бири-бири менен аябай катышканы эсимде. Бир инимдин атын атамдын казакстандык полктошунун урматына Түргөн деп койгон. Эң өкүнүчтүүсү — атамдын өмүрү кыска болду. Ал 46 жашында каза тапты.