Буга чейин пресс-секретарь Дмитрий Песков Россия лидеринин телекайрылуусу болорун айтып, бирок темасын тактаган эмес.
Андан бир апта мурда Путин өзүнүн кайрылуусунда коронавирус эпидемиясынын кооптуу учурунан татыктуу өтүп кеткендиги үчүн жарандарга ыраазычылык билдирген.
Путиндин кайрылуусунун бир сапка сыйган урунттуу учурлары
Конституцияга түзөтүү киргизүү боюнча добуш берүү 22-апрелге белгиленген. Бирок коронавирус эпидемиясынан улам аны жылдырууга туура келген. Кийинчерээк президент Путин аны 1-июлда өткөрүү боюнча Жарлык чыгарган. Эпидемиологиялык абалдан жана элдин коопсуздугунан улам калктын бир апта — 25-июндан 1-июлга чейин добуш берери айтылган.
Россияда 1-июлду эс алуу күн деп жарыялашты.