Боронов башында турган жаңы өкмөттүн мүчөлөрү парламентте ант берди

Жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрү расмий түрдө ант бергенден кийин кызматка расмий түрдө киришти деп саналат.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Жаңыдан түзүлгөн өкмөттүн мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти.

Асрандиевден COVID аныкталып, дагы төрт министр обочолонду

Кубатбек Боронов башында турган өкмөттүн курамы 17-июнда ишке киришкен. Жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрү расмий түрдө ант бергенден кийин кызматка расмий түрдө киришти деп саналат.

“Кызматка киришип жатып өз элимдин, Жогорку Кеңештин, Кыргыз Республикасынын президентинин алдында Конституцияны жана анын мыйзамдарын ыйык сактоого, өз милдеттеримди ак ниет менен берилип аткарууга, Кыргызстандын элине ак кызмат кылууга ант беремин. Берген антымды бузган учурда Кыргыз Руспубликасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылууга даярмын”, — дешти өкмөт мүчөлөрү.

Ант берүү аземине президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Коронавирус кооптуулугунан улам аткаминерлер бет кап тагынып, кол кап кийип келишкен. Ал эми ант берген документин мамлекет башчынын колуна тапшырбай, астындагы столго коюп кетип жатышты.

Президент медиктердин компенсациясы боюнча мыйзамга кол койду

Иш-чарага коронавирус жугузуп алган вице-премьер Эркин Асрандиев катышкан жок. Ошондой эле өкмөттүн аппарат жетекчиси Таалайбек Темиралиев, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, юстиция министри Марат Жаманкулов, транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов оорулуулар менен байланышта болгондуктан келишкен жок.

Өкмөттүн курамы премьер-министр, төрт вице-премьер, 12 министрлик жана төрт комитеттен турат.