Ырчы Болот Тасмаев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Жакындарынын билдириши боюнча, бүгүн эртең менен ырчынын кант диабети күчөп, ооруканага жеткирилген.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Ырчы Болот Тасмаев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул маалыматты маркумдун жакындары тастыктады.

Алардын айтымында, ырчы кант диабети менен ооруп келген.

"Бүгүн, 30-июнда, эртең менен канты көтөрүлүп ооруканага алып барышкан. Тилекке каршы, оорунун кесепетинен эки бөйрөгү иштебей калып, түштөн кийин саат 15.30дар чамасында үзүлүптүр", — дешти жакындары.

Тасмаевдин сөөгү эртең, 1-июлда, саат 11.00дө Бишкек шаарында жерге берилет.

"Тоолук кыз" ырын жазган композитор Кубанычбек Осмонов дүйнө салды

Болот Тасмаев 1971-жылы 3-январда Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кербен айылында туулган. Акын Кыялбек Урманбетовдун "Аманат" ырын аткарып чыгып эл оозуна алынган. Ошондой эле "Сен билген жоксуң", "Кусалык" деген ырлары менен калың элге таанылган.