Өкмөт коронавирустан сакайтчу дарыларга баанын өсүшүн чектөөгө киришти

Эпидемиологиялык абалдан улам COVID-19дан дарылоого пайдаланылган каражаттардын баасы өсүп жатканы айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков дары-дармектерге жана медициналык буюмдарга карата баанын өсүшү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Боронов Кыргызстандын азыркы эпидемиялык абалга жеткен себебин айтты

Баатырбеков эпидемиологиялык абалдын начарлаганынан улам COVID-19дан дарылоого пайдаланылган дарыларды жана медициналык буюмдардын бааларын жөнгө салуу керектигин белгилеген.

Буга байланыштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментине тийиштүү мамлекеттик органдар менен биргеликте баанын негизсиз көтөрүлүшүн мониторинг кылуу жана ага ыкчам жооп кайтаруу боюнча жумушчу топ түзүү үчүн  Республикалык штабга сунуш киргизүү тапшырылды.