Бишкекте миңден ашуун адам сөз эркиндигин чектөөгө каршы жүрүшкө чыкты. Сүрөт

Сөз эркиндигин ооздуктоого каршы жүрүшкө чыккандар Эркиндик бульвары менен басып Ак үйдүн алдына келишти.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Бүгүн Бишкек шаарында миңден ашуун адам "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынышына каршылыгын билдирип, жүрүшкө чыкты.

Алгач акциянын катышуучулары темир жол станциясынын алдындагы паркта чогулушту. Андан соң "Биз фейк эмеспиз!", "Эркиндик" деген ураандарды кыйкырып, Эркиндик бульвары менен басып Ак үйдүн алдына келишти. Акциянын катышуучулары негизги талаптарын ушул жерде туруп айтышты.

Чуу түшүргөн мыйзам долбоорлорунун автору Гүлшат Асылбаева тууралуу 6 факты

Жүрүшкө чыккандар "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзамын четке кагуу жана демилгечи депутат Гүлшат Асылбаеванын мандатын тапшыруусун талап кылышты. Акция саат 12.00дө башталып бир жарым сааттан кийин жыйынтыкталды.

Чуулуу мыйзам

Элди чуу түшүргөн мыйзам долбоорун депутат Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова жазган. Ал тогуз беренеден туруп, интернет колдонуучуларынын, сайт ээлеринин жана провайдерлердин милдеттери тууралуу жазылган.

Бишкекте миңден ашуун адам сөз эркиндигин чектөөгө каршы жүрүшкө чыкты. Сүрөт

Демилгечилердин айтымында, фейк-аккаунттар өчүрүлүп, ЖМК же социалдык баракча аркылуу жалган маалымат тараткандарды соту жок эле мамлекеттик органдар жоопко тарта алат. Бирок муну менен кайсы орган алектенери так көрсөтүлгөн эмес.

Бишкекте миңден ашуун адам сөз эркиндигин чектөөгө каршы жүрүшкө чыкты. Сүрөт

Эркектей болгула! Соцтармакты чектөөнү сунуштаган Асылбаева депутаттарга кайрылды

Негизги максаты интернет аркылуу кимдир бирөөгө жалаа жапкан жана ар-намысына шек келтирген маалыматтардын таралышына бөгөт коюу экенин айтышат.

Бул демилге парламенттен колдоо таап 79 депутаттын макулдугу (10 каршы) менен кабыл алынган. Акыркы кадам президентте, эгер Сооронбай Жээнбеков дагы кол койсо, мыйзам күчүнө кирет.