БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Борбор калаада COVID-19 жуктургандар көп катталгандыктан медиктер жетишпей жатат. Мындан улам шаардык мэрия ыктыярчы-адистерди жардамга келүүгө чакырды.
Белгилей кетсек, өлкө аймактарынын ичинен Бишкек шаары менен Чүй облусунда ооруга чалдыккандардын саны күн санап өсүп жатат.
"Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал чыңалып турат, медиктер, эпидемиологдор март айынан бери күчөтүлгөн режимде иштеп келүүдө. Алар чарчап, ооруп калып жатат. Мындай абалдан улам медиктер тартыш болууда. Биз кайдыгер эмес шаардыктарды, ординаторлорду, интерндерди, медиктерди жана вирусологдордун жардамга келишин өтүнөбүз. Бишкек медицина кызматкерлерине муктаж болууда", — деп айтылат мэриянын расмий жарыялаган маалыматында.
Өлкөдөгү кырдаалга кош көңүл карабай ыктыярчы болууну каалаган жарандар төмөнкү номерлерге кайрылуусу шарт.
Коронавирус кырдаалы: өлкөдө медиктердин кадрдык резерви түзүлүүдө
Ыктыярчы дарыгер Шакир Турсунбаев: 0558755577, 0554994949.