Өзүнө келе элек, бирок кичине жылыш бар. Асел Кадырбекованын абалы айтылды

Буга чейин дарыгерлер анын мээси катуу жабыркап, моюн омурткалары менен акыреги сынып кеткенин айтышкан. Ошондой эле комадан чыкса, операция жасаларын билдиришкен.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Жол кырсыгына кабылып, комага түшүп калган ырчы Асел Кадырбекова өзүнө келе элек, бирок жасалма дем алдыруу аппаратынан бошотулуп, өз алдынча дем ала баштады. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди.

"Алгач жасалма дем алдыруу аппаратында эле, азыр өзү эле дем алып жатат, бирок эсине келе элек. Буту-колу акырындан кыймылдай баштады, бирок муну мээ башкарган жок. Ошол себептүү дары менен уктатып кармап жатабыз. Кан басымы, жүрөгүнүн согушу кудайга шүгүр, жакшыраак. Негизи абалы оор, бирок туруктуу. Жаңы түшкөн учурга салыштырмалуу кичине жылыш бар", — деди Жумабеков.

Эске сала кетсек, 26-июнда 15:30дар чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry жана Ыкчам аракетке келчү топтун (ГБР) Honda Odyssey автоунаалары кагышкан. Анын кесепетинен биринчи автокөлүктөн бир, экинчи автоунаадан эки кишинин жабыркаганы айтылган. Айрым ЖМКлар ырчы ушул кырсыкта жабыркаган деп жазышууда.

Буга чейин дарыгерлер анын мээси катуу жабыркап, моюн омурткалары менен акыреги сынып кеткенин айтышкан.